Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.03.2014 10:30

Ысыккөлдүктөр эми өрт өчүрүүчүлөр менен куткаруучуларга бир эле номур аркылуу байланыша алат

Turmush -  Ысык-Көл облусунда ӨКМдин өрткө каршы кызматкерлерине аймактык куткаруучулар тобу да кошулду. Учурда жалпы 371 адам иш алып барышууда. Бул тууралуу облустук өрткө каршы мамлкекеттик башкармалыгынын башчысы Союз Акматов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар тобунун республика боюнча 21 бөлүмү болсо, анын төртө Ысык-Көл облусунда иш алып барат. Учурда өрт кызматкерлери менен куткаруучулар кайрылууларды бир эле номур менен кабыл алышат.

«Мурда өзүнчө болуп турган кезде, куткаруучулар үчүн 161 номерине чалып, жергиликтүү тургундар кайрылышчу. Азыр эки кызмат бириккендиктен жергиликтүү жашоочуларды 101 номери менен кабыл алабыз. Айрымдары муну билбей, куткаруучулар келбей жатышат деген пикирлерди калтырып жатышат», - дейт С.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×