Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.03.2014 17:34

Каракол шаарынын 145 жылдыгын белгилөөгө аткаруу бийлиги бюджеттен 3 млн сом сурап жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун борбору болгон Каракол шаарынын түзүлгөнүнө быйыл 145 жыл толот. Аны белгилөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн сом аткаруу бийлиги сурап жатат. Бул тууралуу шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Улан Турсунбаев билдирди, деп билдирди аймактык кабарчы.

У.Турсунбаев айтымында, аткаруу бийлиги сурап жаткан каражат бюджет үчүн көптүк кылат. «Азыр бюджет карала элек, эми сессияга алып чыгабыз. Анда депутардын коолдоосуна жараша болот. Ошентседа мен мен ойлойм, депутаттар колдобойт. Колдосо да андан аз болот», - дейт ал.

Айта кетсек, шаардын мааракесин өткөрүү сентябрь айына пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×