Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 19.03.2014 12:13

Э.Каптагаев Караколдогу Пристань шаарчасына кетчү жолду тартипке келтирүүнү тапшырды

Turmush -  Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Пристань шаарчасына кетчү жолдун аймагын тартипке салууну шаар жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирет.

Бул курорттук жолдун жээктери шаардын таштанды төгүүчү жайынан учуп келген кагаз, полиэтилен баштыктарына толгон. Ал жерлердин абалы санитардык ченемге туура келбей, айлана чөйрөнү булгап жатат. Ошол себептен облус башчысы аймакты тез арада жөнгө салууну талап кылды.

«Бул - курорттук жол, Пристань шаарчасында пляж, Кусейин Карасаевдин, Пржевальскийдин эстеликтери бар. Каракол шаарынын таштанды төгүүчү жайын жолдон алыш керек. Мэрия таштанды төкчү жайга орунду башка жерден тапкыла. Музейге эс алып, көӊүл ачканы келген жаштарга бул жайда эки белгилүү адамдардын сөөгү коюлган, ошондуктан айлана чөйрөнү булгоого жол бербөө керек», - дейт Э. Каптагаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×