Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 19.03.2014 10:48

Караколдо Нооруз майрамын белгилөөгө 120 миң сом каралды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында шаардыктарга майрамдык маанай тартылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом бөлүндү. Каражатка шаардын борбордук аянтында кароо сынактар жана улуттук спорттук оюундар уюштурулат.

Каракол шаарынын вице-мэри Гулназ Орозова аймактык кабарчыга билдиргендей, Нооруз майрамын белгилөө үчүн 18-марттан бери аракеттер көрүлүүдө.

«Биз кечээтен бери сүмөлөк бышырууга даярдануудабыз. Угутубуз өнүп калды. 20-мартта борбордук аянтта Кадыр түн кечеси болот. 21-мартта шаардагы ишканалар арасында боз үйлөр көргөзмөсү өтөт. Ошондой эле борбордук аянтта жана Каракол ат майданында улуттук спорт оюндары да өтөт. Шаарда көчө, көчө болуп майрамдар өткөрүлөт. Бул биринчи жолу болууда. Баардык иш-чараларга байгелүү жана кызыктыруучу сыйлыктар каралууда», - деди ал.

Ал кошумчалагандай, өткөрүлүп жаткан иш-чаралар Каракол шаарынын 145 жылдыгына арналууда.


 



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×