Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 18.03.2014 16:55

Караколдо бактардын 1,5 миңдей жаш көчөттөрүн отургузуу пландалууда

Turmush -  Каракол шаарында жаш бактардын 1,5 миң көчөттөрүн отургузуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын турак жай коммуналдык чарба секторунун башчыссы Эрлан Исаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, ошону менен бирге 500 карагайдын көчөттөрүн, кызыл карагайдын 500 жана теректердин 500 көчөттөрүн отургузуу пландалууда.

Э.Исаев белгилегендей, 14-мартта биринчи көчөттөрдү отургуу иштери башталды, кийинкиси 20-мартка пландалууда. Кийинчерээк шаарды жашылдандыруу боюнча үч айлык өткөрүлөт. Жалпы салымдын суммасы 1 млн 150 миң сомду түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×