Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 17.03.2014 15:12

Ысык-Көлдө саясий стабилдүүлүктү сактай турган коомдук башталыштагы жумушчу топ түзүлдү

Turmush -  Ысык-Көл областында саясий стабилдүүлүктү сактай турган коомдук башталыштагы жумушчу топ түзүлдү. Анын алгачкы жыйынында областтын аймагынан келишкен демилгелүү топтордун, жаштар комитеттеринин 40тай өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.

Жолугушууда областтын экономикалык, экологиялык абалы талкууланып, алдыдагы жазгы-талаачылык жумуштарына даярдыктар тууралуу сөз жүрдү.

«Чындыгында эле аймактагы бүгүнкү жолдордун абалы, талаачылыктын келечеги эч кимди канагаттандырбайт. Туруктуу экономикалык өсүш жокко эсе. Элдин жашоо-турмушу мындан аркы жакшыртууну талап кылат», - дешет катышуучулар.

Жыйында Ысык-Көлдөгү саясий кырдаалды турукташтыруу багытында, калктын ар кандай суроо-талаптарын, көйгөйлөрүн чечүүдө бийлик менен элдин ортосунда байланыш түзгөн атайын топ түзүлүп, анын курамына областтын район-шаарларынын 16 мүчө киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×