Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 17.03.2014 13:55

Караколдо Пушкин атындагы сейил багында карагайдын 200 көчөтү отургузулду (фото)

Turmush -  Каракол шаарында Пушкин атындагы сейил багында карагайдын 200 жаш көчөтү отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын турак жай-коммуналдык чарба секторунун башчысы Эрлан Исаев билдирди.

Анын айтуусу, боюнча иш-чарага шаардын баардык мамлекеттик уюмдары, мэриянын өкүлдөрү, шаардын мэри Рыскул Калыгулов жана өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элмирбек Каптагаев катышты.

«Сейил бакта көчөттөрдүн отургузулушу анын кайра келбеттөө иштеринин бир тепкичи болуп калды», - деди Э.Исаев.

unnamed

каракол

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×