Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.03.2014 16:47

Каракол шаарынын тургундары таза сууну нормадан ашыкча пайдаланууда

Turmush -  Каракол шаарынын тургундары таза сууга болгон норманы сактабай, бир адам күнүнө 500 литрден таза суу колдонуп жатат. Бул тууралуу «Суу түтүк» ишканасынын жетекчиси Сабырбек Өмүрканов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйдүн тургундары күнүнө 150 литрден суу колдонушу керек. Ал эми жер үйдөгүлөргө 100 литр таза суу нормасы берилген.

С.Өмүркановдун айтымында, мындай жоготуу өзгөчөсугат башталганда көбөйөт. «Шаарда жалпысынан 20 миң түтүн жашаса, анын 13 миңи жер үйдөтурат. Андыктан сугат башталганда көбүнчөсүичүүчүсууну сугатка колдоно башташат. Ушундан улам шаарда таза суу көйгөйүпайда болуп жатат», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×