Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.03.2014 16:41

Караколдо арыктарды оңдоого жергиликтуу бюджеттен 1 млн сомдой каражат суралууда, - «Тазалык» ишканасы

Turmush -  Каракол шаарында жалпысынан 95 чакырым арык бар. Аларды оңдоп-түздөө ишине быйыл 1 млн сомго жакын каражат Каракол шаардык казынасынан суралууда. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасынын экономисти Алмаз Абдыкеев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

А.Абдыкеевдин айтымында, арыктардын 60 чакырымы учурда жарактуу. «Бөлүнгөн каражатка 4 метрлик 30 суу түтүгү жана дагы 100 түтүк оңдолуп, 3 чакырым арык казылат. Ошондой эле 20 чакырым арык тазалоо пландалууда. Андан сырткары, учурда аймак башчылары кайсыл жерге түтүктөр керектигин айтып атышат. Алардын өтүнүчү да каралат», - дейт экономист.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×