Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 14.03.2014 12:23

Ысык-Көл облусуна 20 миң карагаттын көчөтү Польшадан алынып келинет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл областына атайы карагаттын көчөттөрү Польшадан алынып келиниши пландалууда. Жалпысынан 20 миң көчөт алынып келе турган болсо, анын 13 миңине дыйкандар кезекте турушкан. Бул тууралуу Питомниктер ассоциациясынын президенти Данияр Жассолов билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Данияр Жассоловдун билдирүүсүндө, Кыргызстандагы карагаттар Совет маалынан бери өстүрүлүп асылдандырылган эмес. Андыктан мөмөсү аз, дамы кычкыл. «Ал эми Европадан алынып келген карагат көчөттөрү түшүмдү мол берип, таттуулугу жогору болот жана ташууга дагы туруктуу. Бул жылы фермерлер бир көчөттү 70 сомдон сатып алышат. Калган 93 сомун, тактап айтканда транспорттук, бажы жана башка төлөмдөрдү «Карагат+» программасы төлөп берет», - дейт ал.

Андан тышкары, үстүбүздөгү жылы 15 демонстрациялык аянтчалар уюштурулуп, ал жерлерге карагаттын көчөттөрү программа алкагында берилет.карагат1

unnamed

карагат2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×