Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 14.03.2014 11:45

Балыкчыда калктын жылуулукка болгон карызы 10 млн сомго жетти

Turmush -  Балыкчы шаарындагы «Жылуулук» ишканасына калктын карызы 10 млн сомго жетти. Карыздарды өндүрүп алуу максатында «Жылуулук» ишканасы мэриянын кызматкерлери, укук коргоо органдары менен бирдикте жакында рейд уюштурушкан.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, дейддин жүрүшүндө шаардагы көп кабат үйлөрдүн тургундары 100 миӊ сомдон, дагы бир үй 34 миӊ сомдон ашык карыз болгону белгилүү болду.

Бирок «Жылуулук» ишканасынын, шаар тургундарынын айтымында, шаардын калкынын көбү жумушсуз, көбү үйлөрүн батирге берип, чет өлкөлөргө жумуш издеп кетишкен. Алардын төлөө мүмкүнчүлүгү жок.

Айта кетсек, Балыкчыдагы 109 көп кабат үйлөрдүн 52не гана жылуулук берилет. Шаардагы жылуулук тутумдарынын түтүктөрү эскирген, 76-жылдан бери алмаштырыла элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×