Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 14.03.2014 11:40

Көлдүк жолчулар Түп-Кеген жолунун Кеӊ-Суу – Сары-Тологой жол тилкесин оңдоо үчүн өкмөттөн 300 млн сом сурап жатат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун жолдорунун абалы начар бойдон калууда. Ошондой болсо да жолчулар колдон келген аракетин жасап, жолду оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп, шагыл төгүп, унаалардын жүрүүсүнө шарт түзүү иштерин улантышууда.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, быйылкы жылга да план милдеттенмелер бекитилип, аткарылчу иштер белгиленди.

Жол оӊдоочулар облус ичндеги 14 чакырым жолго асфальт төшөөнү, 30 чакырым жолго ШПО, 16 чакырым жолго шагыл төшөөнү максат кылышууда. Акча каражаттын жетишсиздиги Түп-Кеген жолун бүтүрүүгө кедергесин тийгизүүдө. Ошондой болсо да ал эл аралык деӊгээлдеги жолдун Кеӊ-Суу – Сары-Тологой тилкесин бүтүрүп алсак, деп жол оӊдоочулар өкмөттөн 300 млн каражат бөлүүнү суранышууда.

Жол башкармасынын маалыматында, Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун 76-чакырымында 86 метр көпүрөнү суу алып кеткен. «Быйыл буюрса ал көпүрөнү калыбына келтирсек деп ниеттенип турабыз», - дешет жолчулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×