Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 14.03.2014 11:36

Тоӊ райондук аскер комиссариаты мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Тоӊ райондук аскер комиссариаты мектеп окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тоӊ райондук мамадминистрациясы, аскер комиссариаты, билим берүү бөлүмүнүн уюштуруусу менен Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүгүнө 22 мектептин окуучулары барышып, жоокерлердин жашоосу менен таанышып кайтышты.

Мектеп окуучулары атайын колонна менен автоунааларга отургузуп, жол кайгуул кызматынын коштосунда жеткирилди.

Коргоо министрлигинин атайын буйругу менен өткөрүлүп жаткан ачык эшиктер күнү жаштарды аскерге даярдоо, мекенчилдик сезимин ойготуу максатында жүргүзүлүүдө.

Окуучулар жоокер ашканасынан баштап, жатакана, машыгуу аянтында болушуп, жоокерлердин кандайча аскердик кызматын өтөп жатканын көрүштү. Эч качан көрбөгөн оор согуштук техникалар менен таанышып чыгышты. Окуучулар бул саякаттан күчтүү таасир алганын айтып жатышты.

«Мен дагы аскерге барып кызмат өтөйм», деп аскер кызматына кызыкканын жашырышкан жок. Ал эми мугалимдер ушул өӊдүү иш-чаралар жаштарды мекенчилдикке үйрөтүп, тарбиялоого зор таасир берет, бул ишти дагы улантуу керек, деген ойлору айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×