Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 13.03.2014 17:02

Министр А.Алымкулов Ак-Суу балдар үйүндө болуп, мекеменин иши менен таанышты

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу балдар үйүнө кечээ, 12-мартта жаштар, эмгек жана миграция министри Алиясбек Алымкулов келип, анын тарбиялануучулары менен жолугушуп, балдар үйүнүн иши менен кеңири таанышып чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ак-Суу балдар үйү болсо 1989-жылы ачылып, жылына республиканын ар кайсыл тарабынан келишкен 100гө чукул улан-кызды тарбиялайт.

Балдар үйүнө Министрлик, областтык жана райондук мамлекеттик администрациялары менен бирдикте жардам берип турушат. Ушул жылы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу тарабынан балдар үйүнүн спорттук комплексин оңдоп берүү пландаштырылууда.

Министр Ак-Суу балдар үйүнүн жамааты менен жолугушуу учурунда балдар үйү көзөмөлдөн чыкпай тургандыгын, ага ар тараптуу жардамдар бериле берээрин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×