Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.03.2014 13:55

Ысык-Көлдө 101 жаштагы кадырман энеге сый көрсөтүлдү

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында 101 жаштагы Жумагүл энеге айымдардын майрамына карата Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан атайын белек тапшырылды.

Райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы маалымдагандай, аким Р.Имангазиев өзү Жумагүл эненин үйүнө барып, абалы менен таанышып, андан соң белегин берип кайтты.

Ал Чоң-Сары-Ой айылынын эң улуу кадырман карысы болуп эсептелет. Кезегинде колхоздун кеңсесинде эсепчи болуп иштеген.

Экиуул, биркыздытарбиялапөстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×