Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 12.03.2014 12:18

Чолпон-Ата шаарында 8-мартта көз жарган энелерге акысыз каттоо күбөлүгү тапшырылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын жарандык каттоо кызматкерлери тарабынан 8-март күнү шаардык төрөт үйүндө көз жарган энелерге баланын туулгандыгын каттоо күбөлүгү акысыз тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаӊы төрөгөн айымдардын арасында биринчи жолу көз жаргандар, эгиз төрөгөндөр, баатыр энелер да бар.

Төрөт үйүндөгү энелер мындай күтүүсүз окуяга кубангандыгын билдиришип, жарандык коомдун кызматкерлерине, аларды куттуктаган медицина кызматкерлерине чоӊ ыраазычылык билдиришти жана алардын иштерине ийгилик каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×