Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.03.2014 14:05

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаштар борбору ачылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаштар борборунун ачылышы 7-март күнү болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаштар борборунун ачылыш аземине КР эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акылбек Жаныбеков, эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун «Жаштар үчүн жаркын келечек» программасынын өкүлдөрү катышып, Ак-Суу районунун жаштарын куттукташты.

Ачылыш аземинин катышуучуларынын пикиринде, бул борбор район жаштарынын жергиликтүү бийлик органдары менен аймактагы көйгөлөр, жаштар маселесин чечүүдө биргеликте иштешүүгө мүмкүндүк берет.

Ушундай эле жаштар борборунун ачылышы Чолпон-Ата шаарында болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×