Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.03.2014 16:57

Ысык-Көлдө жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен кызматкерлерине эл менен иш алып баруусу боюнча семинар өткөрүлөт

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында 11-16-март күндөрү «Витязь» пансионатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери менен жергиликтүү лидерлердин дараметин жогорулатуу боюнча семинар өтөт.

Иш-чара «Социалдык адилетүүлүккө жетүү үчүн ак ниеттүүлүк менен башкарууну илгерилөө» долбоорунун алкагында БУУнун Аялдар структурасынын колдоосу менен өткөрүлөт.

Семинарга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери менен өкүлдөрү, акимдердин орун басарлары, айыл аймактын активисттери, ошондой эле БУУнун Аялдар структурасынын башка өнөктөштөрү катышат.

Аталган тренингдин максаты ак ниеттүүлүк менен башкаруу принциптеринин негизги бөлүгү тууралуу маалымат берүү болуп эсептелет. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга облустук жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана калктын өз ара аракеттешүүсүн күчөтүү зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү жүргүзүлөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, бир жылдын ичинде БУУнун Аялдар долбоору пилоттук аймактарды өнүктүрүүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча иш алып барат жана жергиликтүү бийлик органдары менен коомдук бирикмелердин кызматташуусун бекемдөө максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×