Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.03.2014 09:42

Ысык-Көлдө балык калбай калды, - өкмөт өкүлчүлүгү

Turmush -  Ысык-Көлдө балык калбай калды, деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Акылбек Жаныбеков.

Анын айтуусу боюнча, жакында жүргүзүлгөн рейдде көлдөн 13 км торчо табылган, анда 2 гана балык болгон.

«Көлдө балык жок калды, кайра өндүрүү иштери менен эч ким алектенбей эле, ал эми мыйзамсыз аңчылык өнүгүүдө», - деди А.Жаныбеков.

«Учурда көлдү аңчылардан коргоо иштерин күчөтүү жана кайра өндүрүү иштери менен алектенүү керек», -деп белгиледи ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×