Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 07.03.2014 11:03

Бүгүн Чолпон-Атада жаңы жаштар борбору ачылат

Turmush -  Бүгүн, 7-мартта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында мэрияга караштуу жаңы жаштар борборунун ачылышы болот.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чара өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Бакиров жана жергиликтүү жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтөт.

Бул борбор жаштар менен жаштар уюмдарынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте жаштардын талабын аткаруучу иш-чараларды уюштурууга платформа болот.

Борборго аталган министрлик тарабынан эмеректер берилсе, Германиянын эл аралык кызматташуу коому кеңсеге керектүү жабдыктар менен камсыз кылды.

Ал эми,жаштардын борбору жайгашкан имарат Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан Ак-Суу айылынан берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×