Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.03.2014 14:29

Караколдо «Аялдар жана бийлик» аттуу коомдук угуу болуп өттү

Turmush -  Караколдо «Аялдар жана бийлик» аттуу коомдук угуу болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Иш-чара «Вентус» коомдук уюму тарабынан уюштурулуп, ага жогорку окуу жайлардын студенттеринин, коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана шаар бийлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө видео-роликтер көрсөтүлүп, элестүү баян-аңгемелер сунушталып, суроо-жооп иретинде талкуу жүрдү, коомго жат болгон эски көрүнүштөр менен баардыгына бир кишидей күрөшүү чакырыгы ташталды.

Гендердик саясат, тең укуктуулукка жетишүү, гендердик ченемдик тең укуктуулукту камсыздоо жана гендердик теңчилик тууралуу кеп козголду.

Бул уюм 2010-жылдан бери эле кыз ала качуунун терс жактарын чагылдырган иш-чараларды өткөрүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×