Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 06.03.2014 11:24

Ысык-Көлдө жергиликтүү органдардын билимин жогорулатуу боюнча окутуулар жүрүүдө

Turmush -  Облусттун бардык райондорунда жергиликтүү органдардын билимин жогорулатуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлө баштады. Ал Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү саясат институтунун каржылоосу менен өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү органдардын билимин жогорулатуу боюнча окутуулар Ак-Суу районунун Ак-Чий айылында «Жергиликтүү органдардын жоопкерчилиги, бюджеттик процесстер» деген темада өттү.

Катышуучулар айыл өкмөтүнүн иши жөнүндө маалыматты кандай алуу керек, бюджетти сарптоо кандай ишке ашырылып жатат, маалымат ачык айкын берилип турабы деген маселенин тегерегинде ойлорун жазып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×