Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 06.03.2014 11:10

Ысык-Көлдө жылдын мыкты жаш улан-кыздары аныкталат

Turmush -  Ысык-Көл областында бүгүн, 6-мартта 2013-жылдын жыйынтыгы менен 21 номинацияда «Жылдын мыктысы» аныкталат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл областтык башкармалыгынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, бул наам облуста эмгектенген, окуган жаштар арасында жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн, 16-28 жаштагы улан-кыздарга берилет. Ага эмгек, миграция жана жаштар министри А.Алымкулов катышат.

Иш-чара аталган министрликтин колдоосу менен өткөрүлөт. Ага областтын бардык райондорунан келген мыкты студенттер жана жаш активисттер катышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×