Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 05.03.2014 13:46

Ысык-Көл кемечилик ишканасы жабылуу коркунучунда турат

Turmush -  Ысык-Көл кемечилик ишканасы бүгүнкү күндө кыйынчылык күндөрдү башынан кечирип жатышат. Бул тууралуу ишкананын жамааты билдиришүүдө, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Ишкана мамлекетке 4 млн 500 миӊ сом карызы бар деп тиешелүү бийлик алардын эсептик счетун жаап салышкан. Кемечилик ишканасынын карызы жамааттын айтымында, Караколго жиберген 1000 тонна жана Балыкчыдагы 800 тонна көмүр таланып тонолуп кеткенинен пайда болгон.

Алардын айтуусунда, көмүрдү алып кетип жатышканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билип туруп эч кандай чара көрүшкөн эмес. Ортодон бирөөлөр пайдаланып кеткен.

«Биз азыр бюджеттен бир тыйын албай өзүбүздү өзүбүз багып жатабыз. Кемечиликтин ишинен 10 млн сом мамлекеттик казнага үнөм алып келинет. Ишкана 2 жолу кудуретсиз(банкрот) деп жарыяланган. Сегиз жолу соттук териштирүү болду. Өкмөт биздин күнөө эмес башкалардын күнөөсү менен келтирилген зыяндын себептерин калыс аныктап кайрадан кудуретсиз деп жарыялоодон сактап калууга көмөк кылат деген үмүттө турабыз», - дейт ишкана жамааты.

Ысык-Көл кемечилиги 90 жылдан бери үзгүлтүксүз ишин алып барууда. Жамаатта 54 адам иштеп үй-бүлөсүн багып келет. Кыйын абалдан чыгуунун жолун издеп өкмөткө кайрылышкан, бирок ушу күнгө чейин жооп болбой жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×