Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.03.2014 17:36

Ысык-Көлдө зордук-зомбулукка кабылган айымдарга жардам көрсөтүүлөр жетишсиз, - Б.Исакова

Turmush -  Каракол шаарында бүгүн, 4-мартта зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин укугун коргоо боюнча иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага өкмөттүн Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн социалдык бөлүмүнүн башчысы жана өкмөттүк эмес уюмдар катышты. Иш-чаранын негизги максаты —бул мезгилге чейин аялзатынын укугун коргоо боюнча көп уюмдар иш алып барып келгени менен жыйынтык бербестиги тууралуу талкуулоо.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан аялдарга гендердик теңчилик шартын түзүү боюнча өкмөттөн акча каралбай, бейөкмөт уюумдардын иши жетишсиз экендиги айтылды. Маселени чечүү үчүн өкүлчүлүктүн социалдык бөлүмү тарабынан жергиликтүү бийликтерге бир катар кайрылуулар болгон. Бирок жетекчилер колдобой келишерин социалдык бөлүм башчысы Бактыгүл Исакова белгиледи.

«Мисалы, биз шаардык кеңештен аялдар уюмуна акча карап бергиле деп кайрылганыбыз менен депутаттар колдобой келишет. Себеби облустун, райондун казынасында акча жок. Ал эми өнүктүрүү фондго барып былтыр да сураганбыз ал жерден да жардам берилген эмес. Байкоочу кеңеш болгону социалдык тармактардагы ремонтторго эле бөлө беришет. Болгону 2012-жылы гана өкмөттөн бир аз акча бөлүнгөн», - дейт Б.Исакова.

Быйыл да облустук Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан каражат сурай тургандыгын кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×