Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.03.2014 14:07

Караколдо колго жасалган буюмдардын сүйүүчүлөрү үчүн дүкөн ачылды (фото)

Turmush -  Каракол шаарында сөйкө жана билерик сыяктуу буюмдарды өз колдору менен жасоону үйрөнүүнү каалаган кол өнөрчүлөр дүкөн ачышты.

Чебер Аида Иманованын айтуусу боюнча, ага искусство факультетинин студенттери жана шаардык мектеп окуучулары бат баттан келип турушат.

«Студенттер өздөрүнүн жасаган иштерин алып келишет, биз аларды сатууга коебуз. Андан түшкөн каражатты студенттердин өздөрүнө беребиз. Алар үчүн бул кандайдыр бир стимул болот», - дейт ал.

Буюмдарды кол менен жасоону жана чеберчиликти үйрөнүүнү каалагандар үчүн жумасына эки жолу мастер-класстар болуп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×