Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 04.03.2014 12:36

Каракол шаарында табигый кырсыктардын алдын алуу, тобокелчиликтерди азайтуу боюнча ӨКМ тренинг өткөрдү

Turmush -  Кечээ, 3-мартта Каракол шаарынын мэриясында ӨКМдин облустук башкармалыгы тарабынан өзгөчө кырдаалдар учурунда келтирилген чыгымдарды, зыяндарды жана муктаждыктарды жоюу боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Сасыманов аймактык кабарчыга билдирди.

Семинар-тренинг ӨКМдин Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу боюнча улуттук платформасынын катчылыгынын, Дүйнөлүк банктын табыйгый кырсыктардын тобокелчилигин азайтуу жана алардын кесепетин азайтуу глобалдык фондунун колдоосу аркасында уюштурулду.

Семинар-тренинге Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, ӨКМдин облустук, район, шаарларындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн башчылары, жарандык коргоо комиссияларынын кызматкерлери келип катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө табыйгый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу жана жоюудагы аракеттер, алардан келтирилген зыянды эсептеп чыгуу боюнча окутуулар болду. Табигый кырсыктарды жоюу боюнча видео тасмалар көрсүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×