Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 03.03.2014 15:25

Ысык-Көлдүн Түп районундагы 30 мечиттин төртөө гана мыйзамдуу каттоодон өткөн

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда 30 мечит бар болсо, анын төртөө гана мыйзамдуу каттоодон өткөнү белгилүү болду. Бул тууралуу диний маселелерге байланышкан жыйында белгилүү болду, деп билдирет аймактык кабарчы билдирди.

Түп райондук мамадминистрациясында жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү, жаштар кеӊеши, коомдук уюмдар жана дин кызматкерлери катышкан кезектеги жыйын өтүп, ал дин маселесине арналды.

Иш-чаранын негизги максаты - мечиттердин ишин ирээтке келтирүү, алардын иш кагаздарын ким көзөмөлдөөрүн тактоо, экстремисттик багыттагы уюмдардын аракеттерине бөгөт коюу болуп саналат.

Жыйындын катышуучулары «дабаатчылардын кандай максатта келип, кандай үгүт жүргүзүп жүргөнүн карап, кызыккандар жок. Айрымдары салттуу ислам динине каршы келген ой–пикирлерди айтып жүрүшөт. Мечиттерди архитектура менен биргеликте тактап, мыйзамдуу каттоодон өткөрүп. Алардын көз караштары, багытын иликтеп чыгуу керек» белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×