Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 28.02.2014 15:09

Ысык-Көлдө ИИМдин алдындагы тез чара көрүү атайын кызматынын 22 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Ысык-Көл облусунда Ички иштер министрлигинин алдындагы тез чара көрүү атайын кызматынын түзүлгөндүгүнүн 22 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди, дейт аймактык кабарчы.

Анын айтымында, бул салтанаттын урматына карата ИИБдин айрым кызматкерлерине өкмөттүн облустагы өкүлүнүн Ардак грамотасы жана алкыш баракчалары тапшырылды.

Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн областтагы өкүлү Эмилбек Каптагаев, областтык ИИБдин башчысы Эмил Салиев жана Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×