Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 28.02.2014 14:59

Авеп долбоору кесипке үйрөтүү менен чектелбей насыя алууга көмөктөшөт

Turmush -  Кумтөр каржылаган Авеп долбоорунун алкагында Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев, Ананьево, Түп айылдарында күнөскана орнотулуп, аны иштетүүнү каалагандар менен окуулар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Күнөсканада айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, сүт азыктарын жасап чыгаруу, тигүүчүлук кесиптери боюнча окуулар Түп айылынын окутуу борборунда жүрүүдө. Окуу курсун бүткөн жаштарга атайын сертификаттар тапшырылат.

Бул долбоор 2013-2015-жылга чейин ишин улантып, 5 компонент боюнча окутуулар жүргүзүлөт. Учурда окутуу борборунун мугалимдери айыл жаштарын окутуу менен чектелбей, алардын өз алдынча ишкердик кылуусуна кредит жагынан көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү банктар менен иштешүүнү көздөшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×