Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 28.02.2014 13:26

Тоӊ районунда 3 суу топтоочу жайдын курулушу пландалууда

Turmush -  Бул тууралуу Тоӊ райондук мамадминистрациянын башчысы Бакыт Рыспаев аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, суу топтоочу жайлар Кумтөр компаниясынын каржылык жардамы менен курулмакчы.

«Жылдан-жылга мөӊгүлөрдөн келген суулар азайып баратат. Кара-Коо, Капчыгай, Ак-Сай аймагында суу топтоочу жайларды куруу маселесин карап жатабыз. Кумтөр компаниясынын менежери Дуглас Гриэр менен кеӊешип, суу топтоочу жайлардын курулушунун сметасын жүргүзүп берүү өтүнүчү менен кайрылганбыз. Барган сайын кыйынчылык туудуруп келген сугат маселесин ушундай жол менен чечебиз», - дейт аким.

Кумтөр компаниясынын региондорду туруктуу өнүктүрүү дирекциясы жергиликтүү калктын социалдык маслелерин чечүү жаатында иш аракеттерин улантууда. Алар Тоӊ районундагы сугат суу, таза суу маселесин чечүүнү колго алууну алдыдагы аткаруучу иш пландарында белгилешкен. Кыш мезгилинде алар Бөкөнбаев, Балыкчы шарынын жакыр жашаган үй бүлөлөрүнө 400 тонна комүр таратышкан.

Аймакты туруктуу өнүктүрүү дирекциясы калкты жумуш орундары менен камсыз кылуу жаатында да бир топ иштерди жасоону максат кылышууда, деп кошумчалайт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×