Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 26.02.2014 17:13

«Айыл банк» ААКнын Балыкчы шаарындагы филиалынын жаӊы имараты ачылды

Turmush -  «Айыл банк» ААКнын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы филиалынын жаӊы имаратынын ачылыш аземи өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган филиал 2012-жылдан баштап Балыкчы шаарында иш жүргүзүп келет. Ушул жылдар аралыгында кардарларга 176 миллион сомдон ашык насыя берилген. Банктын насыялык портфели өткөн жылы 3 млрд 1614 сом болсо быйыл 4 млрд сомдон ашты.

«Айыл банк» ААКнын кызматкерлеринин айтымында, насыялар айыл чарбасы тармагына жеӊилдетилген түрдө берилет жана учурда ар бир фермер, мал багуучулар 400-500 миӊ сомго чейин насыя алууга мүмкүнчыүлүк алышкан. Ал эми, кайра иштетүүчү жабдууларды алууга насыялар чексиз санда берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×