Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.02.2014 16:58

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы күрөшүү боюнча жарыяланган үч айлыктын мөөнөтү узартылды

Turmush -  Айлана-чөйрөнү коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүүдө жыйынтык бергидей демилге көтөрүп, кемчиликтерди жоюу үчүн тийиштүү деңгээлде иштер колго алынган жок. Жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы канагатандыраарлык эмес жана жетишсиз, деп сынга алды өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев бүгүн, 26-февралда облустук коллегияда.Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын, биосфера, токой чарба кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча маалыматтарды угуп, Э.Каптагаев, «Үч айлыктын алкагында бир топ иштер аткарылды, бирок, өз максатына жеткен жок», – деп белгиледи.

Бул себептүү жана учурда токой чарбаларын толук текшерүү бүтө электигин, чет элдик аңчылык боюнча жазгы маалдын акырына чыга электигин эске алуу менен, Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерликке каршы күрөш жүргүзүү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча үч айлыкты ушул жылдын 15- апрелине чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Ошондой эле облустук коллегияда каралган браконьерликке каршы күрөшүү маселеси боюнча облуста экологиялык милицияны жандандыруу сунушу айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×