Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.02.2014 15:34

Ысык- Көл, Нарын облустарында электр чордондоруна күч келүү 110%га чейин жетти, - «Түндүк электр» ААК

Turmush -  Ысык- Көл жана Нарын облустарында январь айында электр чордондоруна күч келүү 110%га чейин жетти. Бул тууралуу «Түндүк электр» ААКнын Ысык-Көл облусундагы бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, «Чыгыш электр» ААКсы үстүбүздөгү жылдын январь айында 104% капиталдык оңдоо иштерин жана 184% техникалык оңдоо иштерин жүргүздү.

«Январь айында кээ бир подстанцияларда 35-10кВ күч келүү болуп, көмөкчордондордо 110% га чейин жетти. Буга карабастан авариялык лектр энергияларынын өчүшүн алдын алып жаттык», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×