Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.02.2014 12:30

Ысык-Көл облусунда браконьерлик менен күрөш жүргүзүүгө жарыялаган үч айлыктын жыйынтыгы каралды

Turmush -  Бүгүн, 26-февралда Ысык-Көл облусунда браконьерлик менен күрөш жүргүзүү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча жарыяланган үч айлыктын жыйынтыгы облустук жыйында каралды, деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы. Белгилей кетсек, мыйзамсыз токой кыюуну, аңчылык кылууну, балык улоого тыюу салуу, токой продукцияларынын уурдалышына бөгөт коюуга, браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү, жаратылыш ресурстарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана облустун экосистемасынын ар кылдуу биотармагын коргоону камсыз кылууга, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө багытталган КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн «Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерликке каршы күрөш боюнча үч айлык жарыялоо жөнүндө» тескемеси кабыл алынып, атайын комиссия жана жумушчу топтор түзүлгөн.Бул иш-чаралардын аткарылышын талкулоо боюнча үч жолу атайын кеңешме өткөрүлүп, жүрүп жаткан иштер талкууланып жана атайын тапшырмалар берилген.

Аткарылган иштердин натыйжасында, Ысык-Көл облусу боюнча бир канча жолу рейддер өткөрүлүп жалпысынан алганда үч айлыктын алкагында, 1314 даана тор чечилип (узундугу 131,4 км ) өрттөлүп, 44 даана кайык, 13 мылтык алынды жана жалпы жаратылышка келтирилген зыян 1 млн 494 миң сомду түздү.

Үч айлыктын жүрүшүндө облус боюнча 66 мыйзам бузуунун бети ачылып, анын ичинен 41 иш өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча, 24 иш жаныбарлар дүйнөсү боюнча, 1 иш эч кандай уруксаат кагаздары жок анчылык аймагына кирүү боюнча болду.

Ошондой эле, бул мезгил ичинде, өкүлчүлүктүн кызматкелери тарабынан облус боюнча 25 мыйзам бузуунун бети ачылды. Анын ичинен 12 иш өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча, 12 иш (1 баш аркар, 9 баш теке, 1 баш каман, 10 баш коен, 2 кекилик, 1 кыргоол) жаныбарлар дүйнөсү боюнча, 1 иш эч кандай уруксаат кагаздары жок анчылык аймагына кирүү боюнча. Рейддик иш-чаралар учурунда 3 даана сайсыз, 5 сайлуу ок атуучу курал алынган жана бардыгы тийиштүү ички иштер бөлүмдөрүнө өткөрүлгөн. Жалпы доонун (жаратылышка келтирилген зыян) суммасы 936 миң 928 сомду, айып 4 миң 200 сомду түзүп, доодон 434 миң 284 сом, айыптан 4200 сом өндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×