Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 26.02.2014 12:21

Ысык-Көлдө облустук коллегия өтүүдө

Turmush -  Бүгүн, 26-февралда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустук коллегия өтүүдө. Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында 4 маселе каралып жатат. Алар,

1. 2013-жылдын 11-октябрындагы №458 «Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерликке каршы күрөш боюнча үч айлык жарыялоо жөнүндө» тескемесинин аткарылышы тууралуу;

2. 2013-жылдын 19-декабрындагы Ысык-Көл облусунун аймагында коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңештин отурумундагы каралган, Ысык-Көл облусунун аймагында мал уурулукка каршы аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгы;

3. Ысык-Көл облусунда 2014-жылы жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктар;

4. 2014-2017-жылдардагы Ысык-Көл облусунун орто мөөнөттүү өнүктүрүү Стратегиясын бекитүү тууралуу.

Аталган коллегияга райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Каракол, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларынын мэрлери, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарынын жана шаардык кеңештердин төрагалары, айылдык аймактардын башчылары, райондук агрардык өнүктүрүү, ветеринария, токой чарба, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармалыктарынын, райондук, шаардык прокуратура, ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле тийиштүү облустук, регионалдык башкармалыктардын жетекчилери, коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражат өкүлдөрү катышууда.

Коллегияны облус жетекчиси Эмилбек Каптагаев жетектеп, браконьердикке каршы күрөшүү боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында аткарылган иштерди сынга алуу менен айрым жетекчилердин иши канагаттандырбай турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×