Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.02.2014 18:19

Ысык-Көлдө «Алтын шайба» мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Каракол шаарында жайгашкан алты окуу жайдын студенттеринин арасында «Алтын шайба» оюн-зоок иш-чарасы өткөрүлдү.

21-февраль күнү орун алган мелдеште оюндун 5 түрү боюнча алты команда катышты. Жыйынтыгында, Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайы 1-орунду, Евразия колледжи 2-орунду жана К.Тыныстанов атындагы ЫМУ 3-орунду камсыз кылышып, кубоктор жана дипломдор менен сыйланышты.

Аталган иш-чара, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө жана эл аралык Эне тил күнүнө карата өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×