Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 25.02.2014 18:00

Ысык-Көлдө дин маселеси тууралуу тегерек стол болуп өттү

Turmush -  Дин маселеси тууралуу президенттин билдирүүсү боюнча, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын демилгеси менен тегерек стол болуп өттү, деп билдирди аталган башкармалыктын басма сөз кызматы.

20-февраль күнү өткөн тегерек столго өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, облустук мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы К.Молдошев жана облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Б.Калиев, казысы А.Сагындыков, ошондой эле окумуштуулар, коомдук, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана студенттер катышты.

Тегерек столдун жыйынтыгы менен айтылган сунуштар КР коргоо кеңешине жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×