Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 21.02.2014 12:09

Караколдо өткөн жазда 60% айдоо аянттары пайдаланылбай калган

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Михайловка жана Тогуз-Булак айылдарынын аймагында өткөн жазда 60% айдоо аянттары пайдаланылбай калган. Анын негизги себептери үрөөндүн жетишсиздиги же кымбат баада сатылгандыгы болгон, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн адистеринин айтымында өткөн жылы 10 тонна үрөөн берилген, бирок жетишсиз болгон.

«Жазгы айдап себүү учурунда дыйкандарга жардам көрсөтүп, жеӊилдиктерди берүү керек. Ал эми, бизде үрөөн 27 сомдон төмөндөбөйт. Андан дагы чыкпай калганын айтасыӊ. Ошондой начар үрөөндөр сатылганынан улам чарбаларга ишеним дагы аз. Эгерде, баасы төмөн болсо көпчүлүк дыйкандарга жеӊил болмок, жерлер пайдалынылбай калмак эмес», - деген пикирлерин билдиришти айыл чарба адистери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×