Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.02.2014 16:52

Ысык-Көлдө өткөн жылы жаратылышка зыян келтирген фактылар боюнча коюлган айып пулдар толук өндүрүлбөй жатат

Turmush -  Өткөн жылы Ысык-Көл облусунун Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондору жана Каракол шаары боюнча жаратылышмыйзамдарын бузуу боюнча 172 протокол түзүлгөн. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын аталган райондору жана Каракол шаары боюнча башкы инспектор Жаныбек Дүйшенбиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Анын ичинен 126 фактысына 210 миң 400 сомдун тегерегинде айып пул салынган, 1,5 сомдун тегерегинде доо коюлган. Мыйзамсыз ишке баргандар кыйылган карагайлардын ордун кайра толуктоо үчүн аз өлчөмдө иш аткарышкан.

«Мисалга келтирсек, токойго келтирилген зыян 1,5 млн сом болсо, Түп району анын 3,6%ын гана аткарууда. Каракол шаары ага салыштырмалуу 35-36% аткарды. Жалпы катталган протоколдор боюнча айрымдарына айып-пул салынса, кээ бирлери сотко өткөрүлдү. Учурда айрымдарына соттук иштер жүрүп жатат», - дейт Ж.Дүйшенбиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×