Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.02.2014 16:44

Ысык-Көлдө жарыяланган 3 айлыктын негизинде карагайлардын мыйзамсыз кыйылуусуна бөгөт коюлууда

Turmush -  Ысык-Көл облусу боюнча өткөнжылы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүжаратылышты коргоо боюнча үч айлык жарыялаган. Бул боюнча облустун 7 инспекциясы иш алып барууда. Бул тууралуу жаратылышты коргоо боюнча Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаары боюнча мамлекеттик башкы инспектор Жаныбек Дүйшембиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Иш-чаранын алкагында пландуу иштер жана ыкчам иликтөөлөр уюштурулууда.

Маалыматка ылайык, ыкчам иликтөө иштерин жүргүзгөндө бак-дарактарды кыюу боюнча көпчүлүк тургундардын документтери жок болуп чыгууда. «Биз негизи ошого жараша протокол түзүп, айып-пул салабыз. Карагайларды кыюу боюнча райондордогу пилорамалар менен сүйлөшкөнбүз. Жергиликтүү тургундардын эч кандай документи же квитанциясы жок болсо алар аркылуу маалымат ала алабыз. Үч айлыктын негизинде жакшы иш жүрүп жатат. Мындан ары да ушундай иш-чаралар болсо жаратылышты жашылдандыруу боюнча дагы пайда болмок», - дейт Ж.Дүйшембиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×