Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 20.02.2014 15:58

Ысык-Көлдө эмгек кулчулугуна кабылгандардын көпчүлүгү Казакстанда болууда

Turmush -  Ысык-Көл областынан чет жерге кетип, иш издегендердин ичинен кулчулукка кабылгандар да бар. Алардын ичинен басымдуусу Казакстанда болууда. Бул тууралуу «Лидер» коомдук уюмунун директору Банура Абдиева билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Б.Абдиеванын айтымында, эмгек кулчулугуна кабылгандардын басымдуусу эркектер. «Мунун негизги себеби — алардын маалыматынын жоктугунан болуп жатат. Ошол себептен чет жерге кеткендер, элчиликтин телефон номерлерин алып кетсе жакшы болмок», - деп билдирди Б.Абдиева.

Андан сырткары 2006-2012-жылдары областтан 211 адам эмгек кулчулугуна кабылган, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×