Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 19.02.2014 11:59

Түп районундагы Түп-Маяк унаа жолу боюнча маселени өкмөттүк деңгээлде чечүү керектиги айтылды

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Түп районунда Түп-Маяк унаа жолу аркылуу каттоо оорлоп баратат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабатырлануу менен айтып жатышат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Райондук жол оӊдоо башкармалыгынын жетекчилигинин айтымында, Түп-Маяк жолу жылда жолчулар тарабынан оӊдолуп, начар жерлерине шагыл төгүлүп, жылмаланып турат.

«Бирок шагыл жолдор тынымсыз каттап турган автоунааларга чыдабай бузулууга дуушар болууда. Аны толук оӊдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн аз эмес каражат талап кылынат. Бул маселени өкмөттүк деңгээлде чечүү керек дейт», - жолчулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×