Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 15.02.2014 13:30

Караколдо совет аскерлеринин Афганистандын аймагынан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Кечээ, 14-февралда Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында совет жоокерлеринин Ооганстандын аймагынан чыгарылышынын 25 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы аймактык кабарчыга билдирген.

Ооган согушунун ардагерлери, чек ара кызматынын жоокерлери, облустук ардагерлер кеӊешинин жана мэриянын өкүлдөрү Пушкин сейил багындагы Ооган согушунда курман болгон жоокерлердин эстелигине жөө жүрүш жасап келишти. Курман болгон жоокерлерге куран түшүрүлүп, минуталык эскерүүдөн соӊ асманга ок чыгарылды.

Ооганчылар согуш күндөрүн, курман болгон жолдошторун эскерип, ардагерлерди унутпай, көӊүл буруп, аларга арнап иш-чараларды өткөрүп, сый көрсөтүп жаткан жергиликтүү бийлик органдарына ыраазылык билдиришти.

Каракол шаардык кеӊешинин төрагасы быйыл ар бир ооган ардагерине 5 миӊ сомдон акча бөлүнгөнүн билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×