Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.02.2014 17:33

Ысык-Көл облустук казыятынын өкүлү мектеп менен мечит ортосунда келишпестиктер бар экенин айтты

Turmush -  Ысык-Көл облустук казыятынын өкүлү мектеп менен мечит ортосундагы пайда болгон келишпестиктер жөнүндө айтты.

Ал бүгүн, 14-февралдаАк-Суу районунда имам, хатибдер, укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик органдары катышкан жыйында билдиргендей, мектеп окуучулары сабактан жума намазга кетип калышкан учурлар көп болот.

Ошондой эле, ал ата-энелер балдарын окууга жибербей, мектептен чыгарып алып жатышкан учурлар да бар экенин сындады. «Бала билим албаса, ал дин илимин дагы окуй албайт», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×