Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.02.2014 14:03

Каракол шаарында «Мен мекендин коргоочусумун» урааны алдында мектеп окуучуларынын арасында кароо сынак өткөрүлдү

Turmush -  Каракол шаарынын №14 мектебинде 23-февраль - Ата Мекенди коргоо күнүнө карата «Мен мекендин коргоочусумун» урааны алдында мектеп окуучуларынын арасында кароо сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сынакка шаардагы 11 мектептин окуучулары катышып, сынактын шарты боюнча ар кандай тапшырмаларды аткарышты. Топту таамай ыргытуу, мекен ырларын аткаруу боюнча мелдешке түшүп, өздөрү даярдаган согуш, ооганчылар, тыл эмгекчилери жөнүндөгү материалдарын калыстар тобунун сынына коюшту.

Калыстар тобу аскер комиссариатынын, ички иштер бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн, ооган согушунун ардагерлеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн.

Сынак 5 этап менен өткөрүлүп, жеӊген мектептер сыйлыкка ээ болушту жана жакында өтүүчү облустук кароо-сынакка катышууга жолдомо алышты.

Уюштуруучулардын айтымында, кароо-сынак жаш муундарды мекенди сүйүүгө, мекенчил болууга, улуу муундардын Ата Мекен үчүн жасаган эрдиктерин эстен чыгарбай, жүрөгүндө сактап жүрүүгө тарбиялайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×