Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусу 13.02.2014 16:44

Ысык-Көлдө 15 км жолду асфальттоо боюнча тендер жарыяланды

Turmush -  Быйыл Ысык-Көл областы боюнча 15 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул багытта кечээ, 12-февралда №4 жол-эксплуатациялоо башкармалыгында жолду асфальттоо боюнча тендер жаряланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Тендерге катышуу үчүн 5 компания өз арыздарын беришти. Эми анын жыйынтыгы 3 күн ичинде белгилүү болуп, жеңүүчү компаниянын аты ачыкталат.

Тандоодо фирмалардын финансылык мүмкүнчүлүктөрү дагы эске алынат. Тендердин шарты тууралуу кулактандыруулар мындан бир ай мурда басма сөз каражаттары аркылуу калкка кабарланып, бардык кызыкдар тарапка жеткирилген.

Облус аймагындагы 15 чакырымдык жол жайында салынат. Айрым жол оӊдоо ишканаларына былтыр жаңы техникалар берилген. Жумушчуларга кышкы-жайкы атайын кийимдер дагы берилип, тиешелүү шарттар түзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×