Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.02.2014 15:10

Жети-Өгүздө унаа кырсыгынан 5 жарандын каза болгонуна байланыштуу 15-февралда аза күтүлөт

Turmush -  Жети-Өгүз районунда унаа кырсыгынан 5 жарандын каза болгонуна байланыштуу 15-февраль аза күтүү күнү

деп жарыяланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жети-Өгүз райондук администрациясынын коллегиясынын чечими менен 15-февраль — унаа кырсыктан 5 жарандын каза болгонуна байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары, акимиаттын кызматкерлери каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтышууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-февраль күнү Жети-Өгуз районунун Тилекмат жана Желе-Дөбө айылдарынын ортосунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол каттамы боюнча бараткан «Тойота Эстима» автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн.

Авто кырсыктын натыйжасында айдоочу жана 4 жүргүнчү, алардын бирөөсү 10 жашар бала, кырсык болгон жерде каза табышкан. Үч жүргүнчү жаракат алып, Жети-Өгуз райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×