Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу 12.02.2014 14:14

Ысык-Көлдө куткаруучулар кызматына чоӊ милдеттер жүктөлүп, жоопкерчилиги күчөтүлдү

Turmush -  Куткаруу кызматы эми өрткө каршы күрөшүү кызматынын карамагына өткөрүлдү. Ар кандай оор кырдаалга туш болгон жарандарга жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн куткаруучулар кызматы Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылындагы өрткө каршы кызматынын алдында түзүлүүдө.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, аталган кызматтын жеке курамы атайын кырсыктарга кабылгандарды кар көчкүсүнүн, урандылардын астынан, өрт учурунда чыга албай бекип калган жайдан чыгарып алуучу жабдуулары бар атайын техника менен камсыз болушат.

Мурда куткаруучуларга кооптуу абалга, кырсыкка кабылган жарандар 161 номерине телефон чалышса, азыр 101 номерине чалып жардамга чакырат. Учурда куткаруучулар Чүй облусунда атайын окуу курстарынан өтүп, даярдыктан өтүп келишүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×