Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 12.02.2014 14:10

Балыкчы шаарында Ооган согушунун ардагерлери эскерилди

Turmush -  Балыкчы шаарында Ооган согушунун ардагерлери, спортчулар, меймандар Ооганстанда интернационалдык милдетин аткарып жүрүп баатырларча курман болгон Жумабек Жумакадыровду жана курман болгон жоокерлерди эскеришти.

Аймактык кабарчы билдиргендей, иш-чарага катышып жатышкан бийлик өкүлдөрү меймандар, оганчыларды жалпы эле жердештерин спортчуларды советтик аскерлердин Ооган жеринен чыгарылышынын 25 жылдыгы менен куттукташты.

Ооган согушунун ардагерлери Жумабек Жумакадыровдун жаркын элесине арнап, спорт мелдешин жана советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылышынын 25 жылдыгына арнап иш-чараларды уюштуруп, баатырларча курман болгон жердештерин, ооганчыларды эскерип туруу эӊ жакшы салттардан экенин, ал жаш муундарды мекенчилдикке, эли-жерин сүйүүгө тарбиялай турганын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×